Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айылдык Кеңешинин 7-шайланышынын 24-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 18-марты № 1
Орто-Келтебик коктусунан таш жардырып алуу үчүн карьерге уруксат алуу жөнүндө
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн Ат-Башы дарыясынын деңгээлинин көтөрүлүшү жана суу ташкындарынын кооптуулугу бар экендигин жана ошондой эле Ат-Башы дарыясындагы дамбанын башын жана аягын узартып куруу иштерин жүргүзүүсү белгиленүүдө, ошол себептен айыл элинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Казыбек айыл өкмөтүнүн Орто-Келтебик өрөөнүндөгү Кулаган-Таш участогунан таш жардырып алуу үчүн карьерге уруксат берүү максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Келтебик өрөөнүндөгү Кулаган-Таш участогунан таш жардырып алуу үчүн карьерге уруксат берилсин жана таш алууда төмөндөгүдөй жумуштар жасалып кетүүсү милдеттендирилсин:
-таш алып өтүүдө арыктар бузулууда, жайытка зыян алып келүүдө, көпүрөлөр бузулууда, ошондуктан жолдорду оңдоп-түзөөнү, бузулган жолду калыбына келтирүүнү колго алышсын;
-айыл четиндеги Кошой көпүрөсү 1 (бир) тоннадан ашык көтөрө албагандыктан, ал көпүрөнү оңдоп туруп, андан кийин өтүшсүн;
-айыл ичин аралап өтпөөсү эске алынсын;
-Кошой арыктан карьер алган жерге чейинки жолду оңдоп алып, андан кийин гана таш ташуу иштери башталсын;
-жолдор, көпүрөлөр бузулса оңдоп туруу жагын эске алынсын;
-карьерге берилген жерден таш материалынан башка, экологияга зыян келтирүүчү нерселерди жүктөп кетүүгө жол берилбесин (М: тал-терек, чычырканак, карагат, арча ж.б.);
-жумушка жергиликтүү айыл тургундарынан 5 адам алуусу сунушталсын.
2. Жогорудагы айтылган жумуштар бүткөндөн кийин, кайра өзүнүн калыбына келтирип коюу жагы таш алып жаткан тиешелүү мекемеге жүктөлсүн.
3. Эгерде жогорку талаптар аткарылбаса бул токтом күчүн жоготот.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б.Аттокуров |