Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айылдык Кеңешинин 7-шайланышынын 24-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 18-марты № 4
Жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдалануунун камсыз кылуу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлеринин жана пайдалануунун жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүндө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аткаруу органы Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт Комитетинин башчысы, Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлдөрүнө Жайыт пайдалакуучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануучу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Казыбек айыл аймагынын башчысы Б.Мамытовго жүктөлөт.
Төрага | Б.Аттокуров |