Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-15
Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин окуучулар курама командасына Бишкек шаарына болгон сапар чыгымдарына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин окуучулар курама командасына Бишкек шаарына болгон сапар чыгымдарына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин окуучулар курама командасына Бишкек шаарына болгон сапар чыгымдары үчүн 35 750 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |