Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 10/1
Семиз-Бел айылындагы Жаны конушка электр чубалгыларын орнотууга каражат кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл айыл аймагынын Семиз-Бел айылындагы Жаны конуш участогунун зым карагайлары жана электр чубалгылары талапка жооп бербей, айылдын тургундарына электр энергиясы жактан кыйынчылык жаралып жаткандыктан, элдин талабына ылайык айылдык кенештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылындагы Жаны конуш участогуна электр чубалгыларын жана зым карагайларын орнотууга айыл өкмөтүнүн бош калган акча каражатынан 1500,0 (бир миллион беш жүз мин) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзамга ылайык которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Р.Базаркулов |