Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 10/2
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин депутаттарынын иш бөлмөсүн ремонттоого каражат кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл айыл аймагынын Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаттарынын иш бөлмөсүнүн полу жарабай, ремонтко муктаж болуп, иштөөгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, иш бөлмөнүн полун ондоп, ремонттоо жөнүндө айылдык кенештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылдык Кенешинин депутаттарынын иш бөлмөсүнүн полун ондоп, ремонттоого айыл өкмөтүнүн бош калган акча каражатынан 40,0 (кырк мин) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзамга ылайык которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Р.Базаркулов |