Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 10/3
Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылдагы инвестициялык планын бекитүү жана АРИС тарабынан каржылана турган акча каражатынын пайдаланышы жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылдагы инвестициялык планын бекитүү жана АРИС тарабынан каржылана турган акча каражатынын пайдаланышы жɵнүндɵгү жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылга инвестициялык планы бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитети тарабынан «Мал чарбасын жана рынокту ѳнүтүрүү» долбоорунун алкагында АРИС тарабынан каржылануучу акча каражатына «Селкинтай жана Кара-Булак участкаларына мал суу ичүүчү жайды куруу» долбоору жактырылсын.
3. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн бюджетиндеги бош калган каражатынан 100,0 (бир жүз мин) сом акча каражаты Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар биркмесине ѳздүк салым катары бѳлүнүп берилсин.
4. Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүп, kоchkor kg.веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |