Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 10/4
Семиз-Бел айыл аймагынын авто унаа ɵтүүчү жолдорго жол тоскоолдук (лежачий полицейский) коюууга уруксаат берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылынын авто унаа ɵтүүчү жолдун күн батыш тарабынан жана бала бакчанын тушундагы жолго Арсы айылынын Ынтымак кɵчɵсүнүн ортосуна жана Арсы орто мектебинин тушундагы жолго жол тоскоолдук (лежачий полицейский) коюу жɵнүндɵ жер адис С.Сыдыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чекилдек айылынын авто унаа ɵтүүчү жолдун күн батыш тарабына2(эки) жерге жана бала бакчанын тушундагы жолго 1(бир) жерге,бардыгы 3(үч) жерге жол тоскоолдуктар (лежачий полицейский) коюлсун.
2. Арсы айылынын Ынтымак көчөсүнө жана Арсы орто мектебинин тушуна, бардыгы 3 (үч) жерге жол тоскоолдуктар (лежачий полицейский) коюлсун.
3. Жол тоскоолдуктарды (лежачий полицейский) коюу жагы Нарын облустук Жол кɵзɵмɵлдɵɵ кызматынан, Кочкор райондук №955 жол ишканасынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылысын.
Төрага | Р.Базаркулов |