Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 11/2
Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жɵнүндɵ
Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жɵнүндɵ клуб башчыларынын жана маданият, билим берүү саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тɵрагасы Т. Илиясовдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы айылдык клубдарга клуб башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери «Канааттандыраарлык»деп табылсын.
2. Клуб башчыларынын иштеринин уюштурулушунда майда ремонт иштери жүргүзүлүп , клубдарды капиталдык ремонттон ɵткɵрүү жана кайра куруу иштери боюнча эч кандай чаралар кɵрүлбɵй Кара-Тоо, Арсы айылдык клубдары бүгүнкү күндɵ жараксыз абалда тургандыгы белгиленсин.
3. Кара-Тоо айылдык клубун кайра куруу боюнча проектилер менен иш жүргүзүп, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен киргизүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап, сунуштоо жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
4. Айылдык клубдарга алынган музукалык аппаратураларды пайдаланып, айылдарда даталуу күндɵрдɵ маданий массалык иш чараларды уюштуруу клуб башчыларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |