Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 11/3
Семиз-Бел айыл аймагынын социалдык- экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өнүктүрүү программасы (ЖӨП-2) долбоорунун алкагында кошумча үч багыттагы өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адис Э. Токоеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өнүктүрүү программасы (ЖӨП-2) долбоорунун алкагында кошумча үч багыттагы өнүктүрүү планы 2018-2023-жылдарга карата бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мекеме-ишканалар, айыл өкмөтүнүн аппараты өнүктүрүү планында өздөрүнө тийешелүү болгон тапшырмаларды жогорку деӊгээлде аткарууга алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин депутаттарына тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |