Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 18-октябры № 11/4
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыт мыйзамынын» 4-беренесинин 2-бөлүгүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүүнүн негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишими бекитилсин.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү келишиминин талаптарына ылайык Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |