Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 18-октябры № 11/5
ФПСтин жерлеринин келишимин аныктап, конкурс өтүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтү боюнча ФПСтин жерлеринин пайдаланылышы жана келишимдердин түзүлүшү жана конкурс өтүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө жер адиси Сыдыгалиевдин маалыматын угуп талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү боюнча ФПСтин жерлерин арендага берүү боюнча арендаторлор менен келишимди толуктап, тактап чыгуу жана келишимдердин аткарылышын көзөмөлгө алуу жер адиси С. Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
2. Кара-Тоо айылынан №4 полясынан 31га, Семиз-Бел айылынан Сары-Чат учаскасынан 38 га, Кара-Булун учаскасынан 23га, Чекилдек айылынан Тегирмен учаскасынан 52га, Пункт участкасынан 10 га, жер аянты такталып, конкурс өтүүгө даярдалсын.
3. Айыл өкмөтү боюнча ФПСтин жерлеринин ижара акыларынын өндүрүлүшү жөнүндө тактап чыгуу жагы жана убагы менен өндүрүү айыл өкмөтүнүн экономист-статист Н.Кешикчиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи А. Касымовага тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |