Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-16
Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Ленин көчөсүнө (Переулок №1) шагыл төшөө үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Ленин көчөсүнө (Переулок №1) шагыл төшөө үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Ленин көчөсүнө (Переулок №1) шагыл төшөө үчүн 30 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин 2221-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |