Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 18-октябры № 11/8
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо айылындагы Аэропорт участкасындагы №533 контурунда жайгашкан асылдуулугу тɵмɵн жер аянтын курулуш алдындагы жерлер категориясына которууну сунуштоо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-12-18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵгү Мыйзамына ылайык Семиз-Бел айылдык Кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Кара-Тоо айылынын № 533 контурундагы Аэропорт участкасындагы айыл чарбасына жараксыз таштак 3 (үч) га жер участкасын мектеп куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилет.
2. Бул токтомдо кɵрсɵтүлгɵн жер участкасын карап берүү жагы Семиз-Бел айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Акишов Бурканбек Карыбековичке милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |