Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 1
«Турак жайдын айланасындагы жер тилкенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сугат аянт жерлердин багытын өзгөртүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу Сакалды айыл аймагынын жарандарынан турак жай салуу үчүн жер тилке сурап кайрылган арыздардын саны көбөйүп,көп жылдык көйгөйгө айланганын эске алып,Сакалды айыл аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жерге тийиштүү документтер даярдалып бүткөндүгүн эске алып,жарандарга турак жай үчүн бериле турган жер тилкенин өлчөмүнө чектөө киргизилсин. Башкача айтканда 2017-жылга чейин турак жай үчүн жер тилке 0,08 га өлчөмүндө берилсе ушул токтомдун негизинде жер тилкенин өлчөмү 0,06 га болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн .
Төрага | Д.Бекназаров |