Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 16-августу №1
“Үрөөнчүлүк чарбаларга кошумча жер ажыратып берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл аймагындагы жаӊыдан уюшулган «Нагдай» үрөөнчүлүк чарбасына 30 га, «Мур-Ашим » үрөөнчүлүк чарбасына 25 га аталган чарбалардын базасын чыӊдоо максатында мамлекеттик фонддун жеринен кошумча жер ажыратылып берилсин.
2. Аталган чарбаларга ыӊгайлуу жер тилкелерди аныктап,өлчөп берүү Сакалды айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Абдилат уулу Камытка милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |