Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 24-октябры № 2
“Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартибин бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын жогорку Кеӊешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби тууралуу » типтүү жобону жетекчилике алып,Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Мамлекеттик фонддун жерлерин 2017-2022 –жылдарга беш жылдык мөөнөткө ижарага берүү тартибин бекитүү жөнүндө Cакалды айыл өкмөтүнүн башкы адиси Абдилат уулу Камыттын маалыматы эске алынсын.(маалымат тиркелет )
Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби бекитилсин.
Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүүдө төмөнкүлөр эске алынсын:
-үрөөнчүлүк чарбаларга -55га (“Мур-Ашым” үрөөнчүлүк чарбасына-25 га, “Нагдай” үрөөнчүлүк чарбасына -30га) түз жол менен берилсин.
-айыл өкмөт боюнча жакыр үй бүлөлөргө 20 га жер тилкеси тооруксуз түз жол менен берилсин жана айылдарга төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
-Чоӊ-Багыш,Сакалды,Бөбүй,Сай-Бою айылдарына -10 га ;
-Кыргызстан,Чек,Чарбак айылдарына -5 га;
-Аримжан, Кагазды, Нагдай айылдарына -5 га;.
-айыл өкмөттүн кызматкерлерине 7 га жер түз жол менен;
-айыл башчыларга 8 га жер түз жол менен .
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Сакалды айылдык кеӊешинин төрагасы Д.Бекназаров
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII
чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
№ 1 Токтомунун тиркемеси.
Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндө айыл өкмөттүн башкы адиси К Абдилат уулунун маалыматы.
Урматтуу депутаттар !Жер биздин байлыгыбыз.Мамлекеттик фонддун жерлерин натыйжалуу башкаруу,сарамжалдуу пайдалануу биздин милдетибиз.
Сакалды айыл өкмөтү боюнча 710 га мамлекеттик фонддун жери, 47 га бак- дарак жерлери бар.Анын ичинде Аримжан айылында 248,5га, Чоӊ-Багыш айылында 281 га,Кыргызстан айылында 180,9га .
2005-жылы жаратылыш кырсыгынан улам Кыргызстан участогунда 9 га жерди суу алып кеткендин натыйжасында кыртыштын үстүӊкү катмарын суу жууп,пайдаланууга жараксыз болуп калган.
Мамлекеттик фонддун аукцион аркылуу берилүүчү жерлердин айылдардагы өлчөмү төмөнкүдөй болду:
- Чоӊ-Багышта №21-контурдан 3га, №20-контурдан 3 га, №201 а -контурдан 34,50га ,№197 –контурдан 15 га, №132-контурдан 21га, №48-контурдан 2 га жалпысынан 125,7 га. Мунун ичинен аукцион аркылуу 155,3 га берилиш керек. Андан тышкары азыркы күндө келишими бүтө элек жерлер бар.
Алар: Мамашов з-18,7 га, Жапаров Ж-11,1 га, Дадажанов М-8,50 га ,Мамашев Т-1,40 га, Оморов К-3,5 га бардыгы : 43,2 га
Тоорук аркылуу берилиш керек -155,30 га
Аримжанда мамлекеттик фонддун жери-248,50 га;
-Анын ичинен тоорукка коюла турганы -105,9 га;
-конкурс аркылуу-106,6 га берилет ; бардыгы -212,50 га Анын ичинен келишим мөөнөтү бүтпөгөндөр:Назирбаев М-12,0 га,Исаков А-12,40 га Мусаева Ж-3 га,Молоев Т-12 га –бардыгы-39,40 га.
Кыргызстан айылы боюнча жалпы мамлекеттик фонддун жери-180,9 га .
Анын ичинен тоорукка коюла турганы-96,5
Инвестиция талап кылынган конкурс аркылуу бериле турган жер-84,2.
Бүгүнкү күндө тоорук,конкурс аркылуу бериле турган жердин жалпысы -631,2 га.
Урматтуу депутаттар биздин бүгүнкү күндөгү негизги максатыбыз жерлерди тоорук,конкурс аркылуу сатууда ачык ,айкындуулук болуш керек.
Калкка туура маалымат жеткирүү;
Келишимге кошумча шарттарды киргизишибиз керек.Жерге камкор мамиле жасап,сазга,камышка бастырбай,пайнап арыктарын убагында чаап туруу керектигин.Башкача айтканда жердин сапатын жоготпоо,колдон келишинче жакшыртууга аракет кылуу керек.Себеби жер бизден кийинки урпактардын дагы керегине жараш керек.
Конкурс менен берилүүчү жерлердин баштапкы баасын 3 миӊден.аукцион аркылуу берилүүчү жерлердин баштапкы баасын 4 миӊден сунуш кылам. Бул салык соц фонддон тышкары бир гана ижара акысы.Себеби конкурс аркылуу берилүүчү жерлерге өзгөчө мамиле керек.Ал жерлерди органикалык жер семирткич берип,арыктарын тазалап,камыш,саздан тазалап курутуп, тегиздеп,агротехникалык эрежелерди сактоо менен карашы керек .
Жерлерди сатууда арызга чектөө койбош керек.Адамдар каалаган жеринен тандап алуу укугуна ээ.Бизде ошондо мүмкүнчүлүк болот.
Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жер беришибиз керек.Ушул жерде алардын соц паспортун,керектүү кепилдик кагаздарын талап кылыш керек.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 8 беренесине ылайык ижарага берүүнүн шарттары,тартиби,мөөнөттөрү ,өлчөмдөрү,кимге канча ,баштапкы баа айылдык кеӊеш тарабынан чечилет.Ошондой эле жер комиссиясынын курамын да бекитип беришиӊиздерди суранамын.
Негизинен жалпылап айтсам ижарага бериле турган мамлекеттик фонддун жерлери төмөнкүдөй болду.
Аримжанда-248 га,Чоӊ-Багышта-281 га,Кыргызстанда -181 га ,Үрөөнчүлүк чарбаларга-30 га Таймонкудан,35 га Нагдайдан, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө -20 га , «Уметалиев» дыйкан чарбасында келишимдин мөонөтү бүтпөгөн жер-5 га.
Сакалды айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага пайдалануу боюнча төмөнкүдөй баалар бекитилсин :
-жер кыртышы өтө начар ,бонитети төмөн,сугат суу тартыш болгон жер тилкелердин тоорукка коюлуучу баштапкы баасы -2000 сом.
-жер кыртышы жакшы ,бонитети жогору,сугат суу менен тынымсыз камсыздалган жер тилкелердин тоорукка коюлуучу баштапкы баасы -5000 сом.
Сакалды айыл өкмөтүнүн жер жана
муниципалдык менчик боюнча башкы адиси К.Абдилат уулу
Төрага | Д.Бекназаров |