Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 11-декабры № 1
“Сакалды айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сакалды айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан «Сакалды айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасы » иш чараларынын долбоору бекитилсин.(тиркелет)
2. Бул программаны ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттин мүмкүкчүлүктөрү ар жылга карата долбоорунда эске алынсын жана мыйзамда тыюу салынбаган булактардан каражат тартуу боюнча жумуштарды аткаруу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
3. Бул прогораммага камтылбай калган айылдардагы көйгөйлүү маселелерди кайрадан карап чыгып,толуктоо айыл өкмөттүн башкы адиси Э Умаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Д.Бекназаров |