Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 11-декабры №2
“Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мамлекеттик фонддун жерлери 2017-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн тооруктун натыйжаларына ылайык беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилгендиги эске алынсын.Тиешелүү эки тараптуу келишимдер тез күндөрдө түзүлүп,жер тилкелердин орду жана чек аралары ижарачыларга көрсөтүлүп,өлчөнүп берилсин.
2. Ижара жерлерге акы төлөө багытында жылдын август айына чейин ижарачыларга мөөнөт берилсин.Ушул мөөнөттө ижара акысын толук төлөбөгөн жерлерди айыл өкмөткө кайтарып алуу боюнча маселе каралып,жыйынтыгы чыгарылсын.Бул багытта ижарачыларга жеткиликтүү түшүндүрүү иштери алынып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |