Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 11-декабры № 1
“Сакалды айыл өкмөтүнө сатылып алынган жаӊы техниканы ижарага берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги үчүнчү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине АРИСтин колдоосу жана элдик салымдын негизинде сатылып келинген жалпы баасы 2млн 366 миӊ сомдук жаӊы Белорус 89,2 маркасындагы трактор таӊгактагычы менен (прессподборщик )айыл өкмөттүн балансына кыймылсыз мүлк катары кабыл алынсын.
2. Аталган мүлктү ижарага пайдаланууга тоорук жолу менен берилсин.
3. Бул трактордун бир жылдык ижарага иштетүү акысы 250 миӊ сомду түзүп ,үч жылга чейин ушул баа сакталсын.Техниканын жалпы абалына анализ жүргүзүлгөндөн кийин үч жылдан кийинки пайдалануу баасы кайрадан бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Бекназаров |