Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 11-декабры № 4
“Сакалды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысын 2017-жылдын жыйынтыгы менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын 2017-жыл ичинде аткарган жумуштарына , анын айыл өкмөттүн жана айылдык кеӊештин иш кагаздарын убагында аткарганына жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурундагы активдүүлүгүнө баа берүү менен жылдын жыйынтыгын чыгарууда 15000(он беш миӊ) сом акчалай сыйлыкка көрсөтүлсүн.
2. Аталган каражатты мыйзамда тыюу салынбаган булактардан таап, ажыратып берүү Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлөт.
3. Сакалды айылдык кеӊешинин депутаттарынын 2017-жыл ичиндеги эмгек тартиби жана активдүүлүгү,депутаттык этикасы боюнча маселени кароого даярдоо айылдык кеӊештин мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Нышанбаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
Төрага | Д.Бекназаров |