Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 8/2
Кербен шаарында «Кербен сууканалы» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
КР «жарандык кодексине» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына негиз Кербен шаарында «Кербен сууканалы» муниципалдык ишканасын түзүү жана долбоорлор боюнча приоритеттүү багыттарды аныктоо боюнча Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин жана «Таза-Суу» СООППВнын директору М.Токтомушевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарында «Кербен сууканалы» муниципалдык ишканасын түзүүгө уруксат берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясы «Кербен сууканалы» муниципалдык ишканасынын уюштуруучусу катары укукка ээ болсун.
3. Кербен шаарынын мэриясы «Таза-Суу» СООППВнын пайдалануудагы мүлкүнө инвентаризация жүргүзүп, бардык мүлктү жаӊы түзүлгөн «Кербен сууканалы» муниципалдык ишканасына чарбалык башкаруу укугу келишими менен өткөрүп берсин.
4. Кербен шаарынын мэриясы, жаӊы түзүлгөн «Кербен сууканалы» муниципалдык ишканасынын башкаруу органынын кызматына дайындоону КР мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн.
2. Калкты таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды (канализация) алып чыгуу - Кербен шаарынын бүгүнкү күндөгү курч, приоритеттүү багыты деп эсептелсин.
3. Кербен шаарынын мэриясы токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү аракеттерди көрсүн.
4.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом www «Kerben.Aksy».kp. веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Шакиев |