Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 8/3
2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесине негиз, 2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планы бекитилсин (тиркелет).
2. 2018-жыл ичинде зарылчылыкка жараша Кербен шаарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик мекеме-уюмдардын маалыматтары угулуп турулсун.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | Ж.Шакиев |
| Тиркеме Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 8/3 токтому менен бекитилген |
2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ – ПЛАНЫ
I квартал
1. 2017-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы жана 2018-жылга планы жөнүндө
2. 2017-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
3. 2016-2017-жылдар аралыгында Кербен шаарынын айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоодо Кербен СПАнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
II квартал
1. 2016-2017-жылдарда Кербен шаарындагы ФПС жерлерин башкаруунун абалы жөнүндө
III квартал
1. Парк, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын абалы жөнүндө
IV квартал
1. 2016-2017-жылдарда Кербен шаарынын мэриясынын турак жай жана коммуналдык чарбасынын аткарган иштери жөнүндө
жооптуу катчысы | Д.Алиев |