ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин 5-чакырылышындагы кезектеги XXII сессиясы
2016-жылдын 22-январы № 55/22
Жазы айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоо аймагын аймактык “К” коэффициентинин базалык өлчөмүн же жер салыгынын коэффициентинин базалык өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 01.01.16-жылдагы № 01-32/41 сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 20.01.16ж. № 11-185 сандуу кайрылуусунун жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.16-жылдагы №15 сандуу катынын негизинде КРнын Салык кодексинин 337, 339 беренесинин 6-пунктунун негизинде Жазы айылдык кеңешинин кезектеги XXII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн аймагында жер налогу 15% жогорулатылсын.
2. Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдө айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |