Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 09-октябры № 2
«Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө»
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы №30 Мыйзамынын1-беренесинин 2-бөлүгүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын нормативдик- укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 27-28- беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2009-жылдын
8-декабрындагы №743, 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик-укутук актылары жөнүндө” Жоболордун талаптарына ылайык, Таш-Булак айылдык кеңешинин сессияларын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү каамсыз кылуу максатында, Таш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынып жаткан токтомдору (тиркемелери менен) жана мындан кийинки 2014-жыл ичинде кабыл алынуучу токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Таш-Булак айылдык кенешинин төрагасы Х.Султановго жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага | Х.Султанов |