Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 1
Арстанбап айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга түзүлүшүн бекитүү жөнундө жана 2017-2018 жылдарга болжолу
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы Арстанбап айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2017-2018 жылдарга болжолун түзүлүшүн бекитүү жөнундөгү КЭБ башчысы К.Тиркашевдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетин киреше бөлүгү 10813,0 миң сом менен атайын каражаты 100,0 миң сом, жалпы сумма 10913,0 миң сомго тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетин чыгаша бөлүгү 10813,0 миң сом менен атайын каражаты 100,0 миң сом, жалпы суммасы 10913,0 миң сом менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
3. 2017-жылга кирешелер боюнча болжол 10782,7 миң сом, суммасында. 2018-жылга 11000,0 миң суммасында бекитилсин.
4. 2017-жылга чыгашалар боюнча болжол 10782,7 миң сом, суммасында. 2018-жылга 11000,0 миң суммасында бекитилсин.
5. 2016-жылда Республиклык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендоочу гранттардын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык 5747,9 бекитилсин.
6. 2016-жылда сметада каралган акча каражаттары биринчи орунда корголгон беренелерге эмгек акына, соц-фондко жана коммуналдык чыгымдарга тамак-аш беренелерине жумшалсын.
7. Жаратылышты күтүүсүздөн болуп жаткан табигый кырсыктар үчүн 407, миң сом акча каражаты каралсын.
8. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин 1%ти 108,0 миң сом резервной фондко каралсын.
9. 2016- жылда апарат кызматкерлеринин бирдик саны 18 киши менен бекитилсин
10. Ушул сессияны чечими менен 2016-жылга бекитилген бюджетти чыгашалар тиркемесинин суммасынын чегинде өзгөртүүлөр жүргүзүү үчүн айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы КЭБ башчысы К.Тиркашевке тапшырылсын.
11. миң сом 2016-жыл 1-январга жүгүртүлүдөгү нак акча калдыгы 30,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Арстанбап айыл өкмөтүнүн беш айылына беш айыл башчы оруну бекитилсин.
13. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата аскерге милдетүүлөрдүн саны төрт миңден ашык болгондугуна байланыштуу айыл өкмөт боюнча ВУСка 5 орун бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын №17 статьясына ылайык иландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип жыл ичинде иландан ашыкча жыйналган каражаттарды карж министрлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөротүүлөр киргизилгенден кийин сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.
15. Арстанбап айыл өкмөтүнүн атайын каражатка түшкөн акча каражаттарын райондук регионалдык казына бөлүмү аркалуу иштетүү КЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
16. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн салыктарды өндүрүү салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
17. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүн башчысы И.Чолпоновко жана КЭБнүн башчысы К.Тиркашевке милдеттендирилсин.
18. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана эканмика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У.Таштанбеков |