Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 3
Арстанбап айыл аймагында жаштарды диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында медресе ачуу жөнүндө
Жаштардын жан дүйнөсү дайыма кандайдыр бир жаңыланууну издеп турары кадыресе көрүнүш экенин, диний миссионерлер эзелтен мындай психологиялык шартты өз учурунда пайдаланып келерин,коомубузда радикализм-экстремизмдин аралап кетүүсүн жана диний фанатизмдин кесепеттерин алдын алуу боюнча Арстанбап борбордук мечитинин имамынын орунбасары Р.Мамажановдун маалыматтын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап айыл аймагында жаштарды диний билим дэңгээлин жогорулатуу максатында медресе ачууга уруксат берилсин.
2. Медресе ачууга уруксат берүү жана анын имам Аъзам масхабында иш алып баруусун көзөмөлдөө Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
Төрага | У.Таштанбеков |