Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 4
Арстанбап айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 07.08.2013-жыл №01-32/42 катына таянып Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысына кызматтык автоунаа сатып алуу боюнча берилген сунушун талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа сатып алынсын.
2. Арстанбап айыл өкмөтүнүн бюджетинден 2015-жылы пайдаланылбай калган каражаттан кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн 300.0 (үч жүз) миң сом акча каражаты ажратып берилсин.
3.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык кызматтык автоунаа сатып алуу уюштуруу КЭБнүн башчысы К,Тиркешевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу уомиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У.Таштанбеков |