Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 6
Арстанбап айыл Өкмөтүнүн балансында турган, Арстанбап маданият үйүнүн верандасын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XVII сессиясы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Б.Кыпчаковдун билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясын сунушун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап маданият үйүнүн верандасын ижарага берүү боюнча конкурстун жыйынтыгы ижарага берүү боюнча комиссиясына мүчө депутаттардын катышпай калгандыгы жана У.Полатовдун муниципалдык кызматкер экенин эске алып жокко чыгарылсын.
2. Арстанбап маданият үйүнүн верандасы максаттуу пайдалануу үчүн У.Полатовдон айыл өкмөтүнө кайтарып алынсын жана жеңил ремонттоо иштери жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткаруу айыл Өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Б.Кыпчаковго милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кеңештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У.Таштанбеков |