Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 8
Арстанбап айыл Округунунда айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу Кз-зоналдык коэффицентин ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексин 339-беренесин 4-бөлүмүнүн негизинде Арстанбап айылдык Округунун аймагындагы айыл чарбасында арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу Кз-зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл Округунун 2016-жылдан баштап айыл чарбасына арналбаган жерлерге жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу Кз-зоналдык коэффицентинин ставкасын Кз-1 бекитилсин.
2. Арстанбап «Тур-Пансионат» жана Арстанбап «Пансионат» тарына айыл чарбасына арналбаган жерлерге жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу Кз-зоналдык коэффицентинин ставкасын Кз-0,3 бекитилсин.
3. Токтомдун көчүрмөсү колдонууга жана көзөмөлгө алуу үчүн Базар-Коргон райондук мамлекетти салык кызматынын башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Арстанбап айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана Арстанбап айыл Округунун салык бөлүмүнүн башчысы И. Султановко милдеттендирилсин
Төрага | У.Таштанбеков |