Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХVII сессиясы
2016-жылдын 05-августу № 4
Арстанбап айыл Өкмөтүнүн балансына өрт өчүрүү кызматынын авто унаасын алуу жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XIX сессиясы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И.Чолпоновдун айыл аймагында тилсиз жоонун кесепеттери боюнча билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн балансына өрт өчүрүү кызматынын авто унаасы менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдалдар Министрлигинен суралсын.
2. Айылдык оорукананын аянтынан өрт өчүрүү кызматынын авто унаасы үчүн иктиярдүү жумушчу топ түзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чолпоновко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кеңештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У.Таштанбеков |