Редакцияот 22.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин 5-чакырылышындагы кезектеги XXII сессиясы

 

2016-жылдын 22-январы № 57/22

Кызыл-Дыйкан айылында курулуп жаткан бала бакчага айылдын тургуну Чолпонкулова Кадыйчанын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жазы айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы Кызыл-Дыйкан айылынын тургундарынын 2016-жылдын 20-январында кириш №кол-02 курулуп жаткан бала бакчага көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан, айылдык кеңештин бир нече жолу депутаты болуп шайланган, “Баатыр эне”, аялдар кеңешинин төрайымы Чолпонкулова Кадыйчанын ысымын ыйгаруу боюнча элдик жыйындын протоколун жана өтүнүчүн карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Дыйкан айылында курулуп жаткан бала бакчага Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну, “Баатыр эне” Чолпонкулова Кадыйчанын ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б. Дыйканбаев