Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХХ сессиясы
2016-жылдын 15-ноябры № 2
Арстанбап айыл өкмөтүнүн балансында турган, Аталар чайканасын мыйзамдуу пайдалануу жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XX сессиясы Арстанбап айылынын аксакалдарын арызын, Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Б. Кыпчаковдун ошол маселе боюнча билдирүүсүн жана айылдык Кеёештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясын сунушун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн балансында турган Аталар чайканасы элдик ашар жолу менен курулгандыгын жана ишмердүүлүгү талаш -тартышты жаратып жаткандыгын эске алып. Аталар чайканасы кылып иштетүү үчүн чайканачы дайындалсын.
2. Чайканачын дайындоодо Аксакалдар кенешин жана мечиттин жамаатын сунушу эске алынып, чайканачыга аксакалдарды бекер чай жана жай менен камсыз кылуу жана аз камсыз болгон уй-бүлөлөргө жардам берүү милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И. Чолпоновко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кеёешинин муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Таштанбеков |