Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-марты № 109
Бодо малга идентификация жана бирка коюу иштерин жүргүзүү боюнча ветврачтын тейлөөлөрүнүн акысын наркын бекитүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис экономист-статисти К.Ш.Исмаевтин маалыматын угуп чыгып жана Москва райондук ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы сунуштаган акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн эсептөө наркынын негизинде Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бодо малга идентификация жана бирка коюу иштерин жүргүзүү боюнча
ветврачтын тейлөөлөрүнүн акысынын наркы – бир баш уйга 90 (токсон) деп бекитилсин. Жол кире чыгымы жана тейлөөсү бул наракы наркына кирбейт (макулдашуу боюнча).
Ветврачтар идентификация жана бирка коюу иштерин жүргүзүүдө ушул бекитилген тейлөө акы наркын жетекчиликке алсын.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучусу Д.Ш.Кайназаровко жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ягузов |