Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы
2017-жылдын 06-марты № 111
Үлүш жер маселелери боюнча жарандардан түшкөн арыздарды кароо боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө
Александровка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-февралындагы “Үлүш жер меселелери боюнча жарандардын арыздарын кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө” №106 Токтомунун негизинде: Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
М.Джеджеза – комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты;
А.Д.Джайлюпов – комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн жер турак жай коммуналдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо боюнча башкы адиси;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ш.Хиязов – айылдык кеңештин депутаты;
Ш.Х.Сарди - айылдык кеңештин депутаты;
Д.Ю.Хиязов - айыл өкмөтүнүн жер турак жай коммуналдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо боюнча жетектөөчү адиси;
А.З.Ляляза – коомдук өкүл;
Э.Д.Курманалиев – башкы адис юристтин милдеттерин аткаруучусу;
Б.Жекшенбеков – Беш-Көрүк айылынын башчысы;
С.А.Ниязалиев – коомдук өкүл;
Р.С.Магуев – коомдук өкүл;
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ягузов |