Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы
2017-жылдын 06-марты № 112
2035-жылга чейин Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын Башкы куруу планын бекитүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп чыгып:
Александровка айыл аймагынын келечекте курулушун өнүктүрүү максатында 2016-жылдын 18-августунда Александровка айылдык кеңешинин Токтому менен Башкы куруу планынын долбоору бекитилген. Токтомдун 2-пунктуна ылайык Башкы куруу планынын долбоору бардык кызыкчылыгы бар органдары, мекемелери жана ведомтстволору менен макулдашылган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде:
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2035-жылга чейин Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын Башкы куруу планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ягузов |