Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы
2017-жылдын 06-марты № 120
Жерлерди мазарга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Жер турак жай маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн адисинин маалыматын угуп чыгып:-“Александровка айылындагы мазардын толуп кеткендигине байланыштуу, Александровка айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы кайрак жерлеринен №804 контурда жайгашкан 7 га жер участкасы, Алдександровка айылынын түштүкчыгыш жагында жайгашкан кызматтык үлүш жерлеринен №781 контурдагы 11,7 га, №782 контурдагы 3,3 га жер участкаларын мусулман мазарына кеңейтүүгө зарыл.
Александровка айыл аймагы боюнча мусулман мазарына которула турган жер участкаларынын жалпы аянты 22га түзөт.”
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айылынын мазарын кеңейтүү үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы кайрак жерлеринен №804-контурдагы 7га жер участкасы, кызматтык үлүш жерлеринен №781-контурдагы 11,7 га жана №782 контурдагы 3,3 га жер участкалары өндүрүш, транспорт, коргоо багытындагы жана башка багыттагы жерлерине которууга макулдук берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү жерлерди которууга тийиштүү документтерди даярдасын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ягузов |