Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVII чакырылыштагы
2017-жылдын 18-сентябры № 26
Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси М.Ягузанын маалыматын угуп чыгып.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-бөлүгүнүн 3-беренесине ылайык жана калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин керек болгондугуна байланыштуу:
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы короо участкаларын, бакча короо участкаларын, үйдүн алдындагы участкаларын колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
Александровка айылы – 1,0
Беш-Көрүк айылы - 1,0
Крупский айылы - 1,0
2. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы айыл чарбага дайындалбаган жерлерин колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
Александровка айылы – 1,2
Беш-Көрүк айылы - 0,9
Крупский айылы - 1,1
Салык бөлүмүнүн адистерине күнүмдүк иштеринде жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентин жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик, социалдык жана этикалык комиссиясынын төрагасы У.Мырзабековко жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ягузов |