Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVII чакырылыштагы
2017-жылдын 16-ноябры № 33
Александровка айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз колдонууга жер участкаларын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди колдонууга жана ижарага берүү максатында, Александровка айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз колдонуунун мамлекеттик актын алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчиктин мүлкү жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз колдонууга айыл чарба багытындагы жалпы аянты 19,9 га түзгөн жер участкалары: анын ичинде №183-контурдагы 2,6 га саз жерлери, №160 контурдагы 0,70 га жер участкасы, №292, №293, №295 контурларындагы 3га, №462 контурдагы 1,2га (Александровка айылы), №56 контурдагы 3,8га, №43 контурдагы 2,7га, №196 контрудагы 0,9га, №204 контурдагы 5,0га(Беш-Корук айылы) жер участкалары бекитилсин.
2. Ушул токтом кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча Москва райондук башкармалыгында катталсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын төрагасы Р.Мырзалиевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ягузов |