Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29- ноябры № 39
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Даректүү социалдык жардам берүү механизмдерин оптимизациялоо жана жайылтуу, жарды шаардыктардын материалдык абалын жакшыртуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө коммуналдык кызматтарды төлөөгө турак жай субсидияларын жол-жоболоштуруу процедурасын жөнөкөйлөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 6-пункттун:
и) пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
к) пунктчасындагы “балдары бар, ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана” деген сөздөр алынып салынсын”;
м) пунктчасындагы “Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жана”, экинчи-алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
2) 16-пунктта:
биринчи абзацтагы “жылуулук берүү мезгилинде жеткирип берүү зарылчылыгына жараша үй-бүлөгө 1,5 тонна эсебинен катуу отун (көмүр) менен:” деген сөздөр “2018-2019-жылдары жылуулук берүү мезгилинен тартып, үй-бүлөгө 1,5 тонна отундун ченеминин наркы эсебинен катуу отун (көмүр) үчүн акчалай компенсациясы менен” сөздөр менен алмаштырылсын;
г) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
“г) менчиктин түрүнө карабастан, жылытуу максатында катуу отун менен (мекемеге 10,0 тоннага чейинки отундун ченеминин эсебинен тастыктоочу документтер бар болгондо: техникалык паспорттун, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уставдын, текшерүү актынын көчүрмөлөрү) колдонуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мекемелерге, турмуштун татаал кырдаалына кабылган балдар үчүн мекемелерге, белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайларга.”.;
төмөнкү мазмундагы д) пунткчасы менен толукталсын:
“д) катуу отун үчүн акчалай компенсациянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик бөлүмүнүн Бишкек шаардык бөлүмү тарабынан аныкталуучу баалар боюнча катуу отундун (көмүрдүн) наркына ылайык, жыл сайын 30-июнга чейин Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет. Бөтөн бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жалгыз жашаган пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана пенсионерлерден, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан гана турган үй-бүлөлөр үчүн акчалай компенсациянын өлчөмү көмүрдү жеткирип берүү чыгымдарын эсепке алуу менен бекитилет.
Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - РСӨБ) жеке арыздардын жана муктаждык критерийлерди тастыктаган документтердин негизинде, үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин почта бөлүмдөрү же банктар боюнча катуу отун үчүн акчалай компенсация алуучуларга ведомость 2 нускада түзүшөт.
РСӨБнин начальниктери кол коёт, мөөр менен күбөлөндүрөт жана үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин аларды Бишкек почтамтка же банктарга төлөө үчүн жөнөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан кийин кайрылган жактарга катуу отунга компенсация төлөө жүргүзүлбөйт.
Каза болгон учурда, алынбаган акчалай компенсация, анын каза болгон күнүндө бирге катталган жана жашаган, ал РСӨБга каза болгон күндөн тартып бир айдын ичинде кайрылса, акчалай компенсация алууга арыз жазган үй-бүлө мүчөсүнө жол-жоболоштурулат.
Бишкек шаарынын администрациялык райондору РСӨБ үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып компенсация төлөөгө каржылоо ачат, РСӨБда өз кезегинде Бишкек почтамтка же арыз ээлеринин банктык эсебине компенсация төлөөгө акча каражаттарын которушат.
Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрына чейин катуу отундун ордуна акчалай компенсацияны төлөө аяктагандан кийин ШСӨБнын жана Бишкек почтамттын ортосунда салыштырып текшерүү акты түзүлөт.
Өтүнүч боюнча бөтөн бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жалгыз жашаган жарды шаардыктар үчүн катуу отун (көмүр) сатып алуу жана жеткирүү социалдык кызматкер жана жалгыз жашаган жарандын ортосунда жол-жоболоштуруган келишимге ылайык социалдык кызматкерлер тарабынан гана катуу отунга (көмүр) акчалай компенсация алуучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.”;
3) 18-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
“Жыл сайын Бишкек шаарынын бюджетин кароодо жана бекитүүдө кыш мезгилинде шаардын убактылуу баш калкалоочу жайларында жашаган үй-жайсыздарды акысыз бир жолку берилүүчү ысык тамак менен камсыздоого акча каражаттарды карасын.”;
4) 19-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
5) 20-пункттагы “он кепилдик минималдуу кирешелерди” деген сөздөр “100 эсептик көрсөткүчтөрдү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6) 21-пунктта:
биринчи абзацтагы “бензин менен” деген сөздөр “берүү учуруна баанын эсебинен 30 литр бензин үчүн акчалай компенсация менен” сөздөр менен алмаштырылсын;
г) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“Ишеним кат менен автомобилди башка адам пайдаланган учурда акчалай компенсация алууга укугу бар адамдын аны менен чогуу жашагандыгын тастыктаган документтердин негизинде берилет”;
7) 22-пункттун д) пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“д) “Бала төрөлгөн учурда Бишкек шаарынын аймагында туруктуу учеттук каттоосу болгон шартта, эгиз балдар төрөлгөндө 450 эсептик көрсөткүч өлчөмдө, үч эм же андан көп бала төрөлгөндө 900 эсептик көрсөткүч өлчөмдө, балдар төрөлгөн күндөн тартып он эки айдан кеч эмес кайрылса”.
8) 24-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын тургундарына турак жай-коммуналдык кызматтарына акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 7-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Турак жай субсидиялары коммуналдык кызматтардын субсидия берилүүчү түрлөрү үчүн накта эсептелген төлөмдү ашыра албайт”;
2) 10-пункттун үчүнчү абзацы “алты айда бир жолу жаңыртылып турган жана салык кызматынан” деген сөздөр менен толукталсын;
3) 11-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“11. Субсидиялар үй-бүлөгө арыз ээси бир жылга (12 ай) арызын жана бардык керектүү документтерди (10-пунктка ылайык) берген айдын биринчи числосунан тартып берилет, жылуулук берүү мезгилинде (ноябрь-март) борбордук жылытуу, газ менен жабдуу кызматтарын пайдаланган жеке менчик үйлөрдө жашаган үй-бүлөлөр үчүн, андан ары жыл сайын каттоо менен берилет.”;
төмөнкү мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
“Ушул жобо тарабынан белгиленген аз мөөнөткө компенсацияны дайындоо турак жай субсидияларын дайындоо үчүн негиз өзгөргөн жана берилген документтердин биринин (анын ичинде калктын жумуштуулук ыйгарым укуктуу органдарынан, салык кызмат органдарынан, 16 жаштан жогору балдардын окуган жеринен маалым каттар), арыз ээси керектүү документти жаңыртууга тийиш болгон иштөө мөөнөтү айдын акыркы числосуна чейин аяктаган учурда жүргүзүлөт (12-пунктка ылайык).
Турак жай субсидияларын алуучу туруктуу жашаган жерин алмаштырган учурда (жаңы жашаган жерге көчүү) милдеттүү тартипте мурдагы жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан чыгуусу жана жаңы жашаган жери боюнча ыйгарым укуктук органдын каттоосуна туруу үчүн керектүү учурдагы мезгилге турак жай субсидияларын алуунун өлчөмү жана мезгили жөнүндө маалым кат алуусу керек. Турак жай субсидияларын жаңы жашаган жери боюнча жол-жоболоштуруу учурунда жол-жоболоштуруу жаңы кайрылган адам катары жүргүзүлөт.
Жашаган жеринен (катталуусунан) үй-бүлөнүн курамы жөнүндө берилген маалымкаттын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти жооптуу адамдар (муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, комитеттердин, кондоминиумдардын, кварталдык, турак жай-эксплуатациялык кооперативдердин төрагалары) тартышат.
Жарандарга турак жай субсидияларын туура эмес дайындаган, анык эмес маалым каттарды берген адамдар жана турак жай субсидияларын жол-жоболоштурууда жалган маалымат берүүдө күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Жыл ичинде ыйгарым укуктуу орган турак жай субсидияларын алуучулардын турак жай-тиричилик шарттарына тандалма текшерүүнү жүргүзөт (алуучулардын жалпы санынан 30% кем эмес).”;
4) 13-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“Субсидия төлөнүүчү кызматтарга борборлоштурулган жылуулук берүү, ысык жана муздак суу менен жабдуу, үйлөрдүн ичиндеги жылуулук берүү, ысык жана муздак суу менен камсыздоо тутумдарын техникалык тейлөө, газ менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу (Бишкек шаарынын пенсионерлерин кошпогондо), лифттерди эксплуатациялоо боюнча кызматтар кирет.”; бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун иштөөсү боюнча анализ жүргүзсүн жана 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г. А. Молдобаева) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Музуралиев |