Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 42
Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына чечим кабыл алуу жолу менен Бишкек шаарынын акасакалдар сотторунун курамдарын бекитүү жана курамдарынан мүчөлөрүн чыгаруу укугу ыйгарылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы мининстрлигинин Бишкек башкармалыгы Бишкек шаарынын аксакалдар соттору тарабынан төлөтүлгөн айыппулдарды бюджетке төгүү үчүн алыш-бериш эсебин жана банкын аныктоо боюнча ишти уюштурсун.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №164 “Бишкек шаарында укук бузууларды алдын алуу боюнча аксакалдар соттору менен милициянын участкалык инспекторлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” токтомунун 3-пунктунун экинчи абзацы контролдон алынып салынсын.
6. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 19-декабрындагы № 202 “Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Б. А. Алымбеков) жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А. А. Садыковго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Музуралиев |
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-ж. “ ____” _________ № ___ токтомуна тиркеме |
1. Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун ишинин регламенти Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык иштелип чыккан ченемдик укуктук акт болуп саналат жана Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун ишин уюштурууну жөнгө салат.
2. Бишкек шаарынын аксакалдар соттору – бул материалдарды кароону “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга чакырылган, шайлануучулук жана өз алдынча башкаруунун негизинде жана ыктыярдуу башталыштарда түзүлүүчү коомдук органдар.
3. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулушту чакыруу демилгеси төмөнкүлөргө таандык:
а) 50 адамдан аз эмес сандагы тийиштүү аймактын жашоочуларына;
б) Бишкек шаардык кеңешке;
в) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына жана Муниципалдык аймактык башкармалыктарына (мындан ары - МАБ).
4. Аксакалдар соттору Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы менен аныкталган принциптер боюнча түзүлөт:
1) эгер тургундардын саны 25 миңден ашпаса – бир аксакалдар соту;
2) эгер тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейинди түзсө – эки аксакалдар соту жана андан ары;
3) бир кичирайон – бир аксакалдар соту.
5. Аксакалдар соттору Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы №140 “Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учеттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык учеттук каттоодон өтөт.
6. Бишкек шаардык кеңеш учёттук каттоодон өткөн аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.
Төрага же аксакалдар сотунун мүчөсү бошотулгандан кийин жана мөөнөтү аяктагандан кийин, мурда берилген күбөлүк Бишкек шаардык кеңешке кайтарылат жана күчүн жоготту деп эсептелет.
7. Аксакалдар соттору каралган иштерди (материалдарды) статистикалык эсепке алууну жүргүзөт жана жыл сайын каралган иштер (материалдар) боюнча жылдык статистикалык отчётту жыл сайын Бишкек шаардык кеңешке жана МАБга жөнөтөт.
8. Аксакалдар соту белгиленген тартиптеги учёттук каттоо тууралуу күбөлүктүн негизинде МАБ тарабынан берилген өзүнүн аталышы менен мөөргө ээ болот.
9. Аксакалдар сотторунун ишинин мөөнөтү аяктагандан кийин, алар тарабынан каралган иштер боюнча материалдар, учёттук каттоо тууралуу күбөлүгү жана мөөрү МАБга өткөрүлүп берилет, алар андан ары кайрадан шайланган аксакалдар сотторуна өткөрүп беришет.
10. Аксакалдар соттору жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын талап кылуусу боюнча өзүнүн иш-аракети тууралуу отчёт берет.
11. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн чогулуштарында ачык добуш берүү менен үч жылга шайланат. Чогулушка катышкандардын добушунун көпчүлүгүн алган талапкер аксакалдар сотторунун курамына шайланды деп эсептелет. Тийиштүү аймактын жашоочулары болгон ишке жөндөмдүү 50дөн аз эмес жаран катышкан чогулуш укуктуу болуп саналат.
Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча жарандардын жалпы чогулушун тургундардын демилгелүү тобу менен бирге МАБ уюштурат.
Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча жарандардын жалпы чогулушун өткөрүүдө МАБ жана демилгелүү топ, жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин бир ай мурда администрациялык райондун башчысында жалпы чогулуштун өткөрүлө турган датасын, убактысын жана ордун бекитет, Бишкек шаардык кеңешке жана тийиштүү аймактын жашоочуларына өткөрүлө турган чогулуш жөнүндө билдирет.
Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш өткөрүү тууралуу жарандарга билдирүү кулактандыруу илүү үчүн уруксат берилген жерлерге, үйлөргө жана кирмелерге кулактандыруу илүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Ушул аймактын жашоочуларынын чогулушун өткөрүү тууралуу билдирүүдө чогулушту өткөрүү орду, убактысы, күн тартиби жана чогулушту чакырган демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
Аксакалдар сотунун курамына талапкерлер ар бир көчөдөн же кварталдан, үйдөн көрсөтүлүшү керек жана Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы тарабынан аныкталган аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө коюлган талаптарга ылайык келиши керек.
Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча тургундардын чогулушун төрагасы алып барат. Жалпы чогулуштун төрагасы жана катчысы бул чогулушка катышып жаткан тургундардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.
Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулуш өткөрүү үчүн тургундар керектүү санда жыйналбаса, аталган иш-чара чогулуш өткөрүлгөндөн 15 күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырылат.
Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча кайталап чогулуш өткөрүүдө да тургундар керектүү санда жыйналбаган учурда МАБ аймактын коомчулугунун кеңешинин өкүлдөрү менен бирге (кварталдык же үй комитеттери, аялдар жана жаштар кеңештери, ардагерлер кеңештери) тийиштүү аймактын тургундарынын ичинен аксакалдар сотунун курамына киргизүү үчүн талапкерлерди көрсөтүшөт жана Бишкек шаардык кеӊешке бекитүү үчүн берет.
Аксакалдар сотунун курамын бекитүү тууралуу чечимди коомчулуктун өкүлдөрү менен макулдашылган МАБдын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңештин сессиясы кабыл алат.
12. Аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысы аксакалдар сотунун мүчөлөрү тарабынан, өз курамынын ичинен алар шайлангандан кийин 7 календардык күндүн ичинде шайланат.
Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлоо боюнча чогулуш анда аксакалдар сотунун бардык курамы катышкан учурда укук ченемдүү болуп саналат.
Аксакалдар сотунун ишин анын төрагасы жана катчысы уюштурат.
13. Жарандардын жалпы чогулушунда шайланган мүчөлөрүн аксакалдар сотунун курамынан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жана мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 14-беренеси жана ушул регламент тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 14-беренеси тарабынан аныкталган негиздери боюнча Бишкек шаардык кеңештин сессиясы тарабынан шайланган мүчөлөрүн аксакалдар сотунун курамынан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жана кайра чакыртып алуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
МАБ аймактын коомчулук кеңешинин өкүлдөрү менен бирге (кварталдык же үй комитеттери, аялдар жана жаштар кеңештери, ардагерлер кеңештери ж.б.) Бишкек шаардык кенешке аксакалдар сотунун курамынан мөөнөтүнөн мурда чыгарылуучу жана кайра чакыртылып алынуучу талапкерлерди көрсөтүшөт.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда курамдан чыгаруу жөнүндө чечим Бишкек шаардык кеңештин сессиясы тарабынан кабыл алынат.
Бишкек шаардык кеңештин сессиясы Бишкек шаарынын аксакалдар сотунун мүчөлөрүн аксакалдар сотунун курамына бекитүү жана курамдан чыгаруу ыйгарым укуктарын Бишкек шаардык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясына ыйгарууга укуктуу.
14. Курамдан чыгарылган мүчөнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы жана ушул регламент тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
15. Аксакалдар сотторунун ишинин негизги формасы болуп жыйналыш саналат. Аксакалдар сотторунун жыйналышы зарылчылыкка жараша материалдардын келип түшүүсүнө карата өткөрүлөт. Аксакалдар сотторунун жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү мыйзамда белгиленген иштерди кароо мөөнөттөрүн сактоону камсыздоосу керек.
16. Аксакалдар сотторунун жыйналышында иштерди кароодо пайда болгон бардык маселелер аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.
17. Аксакалдар сотунун жыйналышын төрага же төраганын тапшырмасы боюнча аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн бири ачат жана аксакалдар сотунун курамын жана карала турган ишти (материалды) жарыялайт.
18. Катчы жыйналышка чейин процесске катышуучу жактардын паспортун же инсандыгын ырастаган башка документин текшерүү менен келгендигин текшерет жана төрагага билдирет.
19. Төрага же төраганын тапшырмасы боюнча аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн бири тартылган жана жабырлаган адамга, процесстин башка катышуучуларына алардын укуктарын, милдеттерин түшүндүрөт, аксакалдар сотунун мүчөлөрүндө жана жыйналыштын катышуучуларында болгон документтерди угузат.
20. Аксакалдар сотунун жыйналышы аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан учурда укуктуу. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн саны так болушу керек.
21. Жыйналыш өткөрүүдө аксакалдар соту Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жыйналыштын бардык катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угуп чыгууга милдеттүү.
22. Аксакалдар сотунун кароосуна түшкөн бардык арыздар жана иштер (материалдар) түшкөн күнү зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен атайын журналга катталат.
23. Аксакалдар сотунун ишинде кабыл алынган материалдарды (иштерди), материалдар боюнча чечимдерди, аксакалдар соттору тарабынан иштерди (материалдарды) кароого катышуу үчүн жактарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү каттоо боюнча журналдар жүргүзүлөт.
Журналдар номерленип, жип менен байланып жана мөөр менен бекитилиши керек.
24. Журналдарды жана иштерди (материалдарды) сактоо мөөнөтү 3 жыл жана көрсөтүлгөн мөөнөтү аяктагандан кийин алар тизим боюнча МАБга өткөрүлөт.
25. Эсепке алуу журналдары ички пайдалануудагы документ болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунун төрагасынын уруксаты жок берилбейт же өткөрүлбөйт.
26. Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүнү жалпы жетекчиликке алуу анын абалы үчүн жоопкерчилик тартаткан төрага тарабынан жүзөгө ашырылат.
27. Эсепке алуу журналдарын сактоо, ага киргизилген маалыматтардын өз убагында жана туура жүргүзүлүшү үчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопкерчилик тартат.
28. Аксакалдар соттору төмөнкүлөр тарабынан аныкталган иштерди (материалдарды) карайт:
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси;
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы.
29. Аксакалдар соттору тарабынан иштердин (материалдардын) каралышы үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
а) Бишкек шаардык кеңештин көрсөтүүсү;
б) Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн көрсөтүүсү;
в) мамлекеттик органдар же алардын администрациялык жаза чарасын салуу укугу көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан берилген материалдар;
г) Бишкек шаардык жана Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан жөнөтүлгөн, жарандык-процессуалдык мыйзамдарда каралган тартиптеги жарандык иштер боюнча материалдар;
д) Бишкек шаарынын прокурорлору, тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн, кылмыш-процессуалдык мыйзамдарга ылайык коомдук таасир берүү чараларын көрүү үчүн кылмыш иши токтотулган материалдар;
е) жарандардын арыздары;
ж) башка аксакалдар сотторунун арыздары.
30. Аксакалдар соттору тарабынан иштерди кароонун тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына жана ушул регламентке ылайык жүргүзүлөт.
31. Аксакалдар соту таасир берүүнүн төмөнкү чараларынын бирөөсүн колдонуу жөнүндөгү чечим кабыл алат:
а) эскертүү;
б) жабыр тарткан тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук сөгүш жарыялоо;
г) күнөөлүү тарапты келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирүү;
д) акчалай айыппул салуу.
32. Эгерде ишти кароонун орду аксакалдар соттору тарабынан аныкталбаса, аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) МАБ тарабынан бөлүнүп берилген жайларда карашат.
33. Аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү ишти (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү тактайт:
а) бул ишти кароо аксакалдар сотунун компетенциясына киреби;
б) аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн бул ишти кароо мүмкүнчүлүгүнөн ажырата турган кырдаал барбы;
в) маңызы боюнча ишти кароо үчүн бар материалдар жетиштүүбү;
г) аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн өтүнүчү жана четке кагуулары барбы;
Тактоолордун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
а) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;
б) жактарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;
в) ишти кароону белгиленген тартипте кийинкиге жылдыруу тууралуу;
г) иштин материалдары укугу жок адамдар тарабынан жол-жоболоштурулган, туура эмес жол-жоболоштурулган, материалдар толук эмес, ал эми ишти кароодо аларды толуктоо мүмкүн болбогон учурларда материалдар келип түшкөн органга, кызмат адамына материалдарды кайтарып берүү жөнүндө;
д) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, иштин материалдарын ведомоствого караштуулук боюнча кароосуна тапшырып берүү жөнүндө;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жагдайлар бар болгон учурда өндүрүштү токтотуу жөнүндө.
34. Жашы 16га толо элек жактардын ишин (материалдарын) кароодо алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энеси, асырап алгандар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар, эгерде алар жок болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери) катышуусу сөзсүз болушу керек жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктары мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
35. Иш (материалдар) жоопкерчиликке тартылган жактардын катышуусу менен каралат. Жабыр тартканга, тартылганга жана башкаларга иштин бардык материалдары менен таанышуу, далилдерди келтирүү, өтүнүү же четке кагуу арызын берүү, коргоочунун юридикалык жардамын пайдалануу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка процессуалдык укуктар камсыздалат.
36. Өндүрүштүн катышуучуларынан иш (материалдар) боюнча өтүнүч арызы келип түшкөн учурда же иштин жагдайына кошумча тактоолор зарыл болгон учурда аксакалдар соту тарабынан ишти кароонун мөөнөтү белгиленген тартипте узартылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн узартылышы тууралуу аксакалдар соту жүйөлүү себебин түшүндүргөн аныктама чыгарат.
37. Каралган иштин жыйынтыктары боюнча протоколдон тышкары чечим жол-жоболоштурулат (токтом түрүндө), аны жыйналышта жарыялаганга чейин аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан ага кол коюлат.
Көпчүлүктүн чечимине макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу түрүндө баяндап берүүгө укуктуу, ал протоколго тиркелет, бирок жыйналыштын катышуучуларына жарыяланбайт.
38. Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жүйөлүү себептерди түшүндүрүүчү жана резолютивдик бөлүктөрдөн турат.
Аксакалдар сотунун чечиминин киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аталышы, чечим чыгаруунун убактысы жана орду, соттун курамы, ишке катышкан жактар, талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну, аксакалдар сотунда иштин каралышына тараптардын берген макулдуктары көрсөтүлөт.
Аксакалдар сотунун чечиминин баяндоо бөлүгүндө арыз ээсинин (доочунун) талаптары же укук бузуунун маңызы, коюлган талаптарга карата каршы далилдер, ишке катышып жаткан жактардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт.
Аксакалдар сотунун чечиминин жүйөлүү себептерди түшүндүрүүчү бөлүгүндө каралып жаткан иш боюнча аксакалдар соту аныктаган жагдайлар, аксакалдар сотунун жыйынтыгына негиз болуучу далилдер, ишке катышып жаткан жактардын укуктары жана милдеттери, тигил же бул далилдерди жокко чыгаруучу аксакалдар сотунун далилдөөлөрү, чечим чыгарууда аксакалдар соту жетекчиликке алган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга шилтемелери камтылат.
Резолютивдик бөлүк каралып жаткан материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутундуну, даттануулардын тартибин жана чечимди аткаруу мөөнөтүн камтышы керек. Резолютивдик бөлүк аны аткарууда талаш маселе болбошу үчүн так жана ачык баяндалышы керек.
39. Аксакалдар сотунун чечими соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылышы керек.
40. Аксакалдар соту өз чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
41. Аксакалдар сотунун чечими соттун чечими чыгарылган жак тарабынан жана ишке катышкан башка жактар тарабынан чечим чыккандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте райондук сотко даттанылышы мүмкүн.
42. Аксакалдар сотунун чечими тараптар тарабынан аткарылбаса, аксакалдар сотунун чечими пайдасына чечилген жак же аксакалдар соту аксакалдар сотунун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган күндөн кийин бир айлык мөөнөттө аксакалдар соту жайгашкан жер боюнча райондук сотко мажбурлап аткарууга аткартуу барагын берүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.
Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууга аткартуу барагын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын ырастоочу документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууга аткартуу барагынын берилиши жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн тастыктаган документти тапшыруу жөнүндө кабарлама же башка документ;
4) арызга кол коюучу жактын ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ.
43. Райондук сот тарабынан аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууга аткартуу барагынын берилиши Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
44. Аксакалдар соту тарабынан айыппул салуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, аксакалдар соту укук бузуучуга аксакалдар сотунун чечиминин көчүрмөсүн жана белгиленген формада айыппул дүмүрчөгүн берет.
Айыппул дүмүрчөгүнүн формасы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
Айыппул дүмүрчөгү эки нускада түзүлөт жана так фининсылык отчёттуулук документи болуп саналат. Айыппул дүмүрчөгүндө банктын аталышы, алыш-бериш эсеби, ошондой эле жоопко тартылган тартип бузуучу боюнча берене, айыппул салган аксакалдар сотунун аталышы көрсөтүлөт.
45. Аксакалдар сотунда кала турган айыппул дүмүрчөгүнүн биринчи нускасына укук тартибин бузган жак кол коет, анын экинчи нускасы ушул жаза чарасы колдонулган укук бузуучу жакка берилет.
46. Укук бузгандыгы үчүн аксакалдар соттору тарабынан салынган айып пул укук бузуучу тарабынан накталай же накталай эмес төлөм түрүндө банк мекемесине төлөнөт.
47. Аксакалдар соттору жыл сайын райондук казыначылык бөлүмдөр менен айыппул түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын салыштырып, текшерүүнү жүргүзөт.
48. Аймагында аксакалдар соттору түзүлгөн Бишкек шаарынын шаардык жана райондук соттору:
а) Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык мыйзамдарды колдонуу боюнча аларга усулдук жардам көрсөтөт;
б) аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүү үчүн жана окутууну жүргүзүү үчүн жыл сайын өзүнүн буйругу менен бир сотту аныктайт.
Аксакалдар сотторуна усулдук жардам берүү төмөнкү түшүндүрмөлөрдө камтылат:
1) кароого ишти (материалдарды) даярдоо боюнча аксакалдар сотторунун аракеттери (келип түшкөн арыздарды текшерүү, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылган инсан тууралуу маалыматтар);
2) аксакалдар соттору тарабынан иштерди (материалдарды) кароо тартиби, аларды кароо мөөнөттөрү;
3) сот жыйналышынын протоколун жүргүзүү (процессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле аксакалдар сотторунун чечимине даттануу тартиби;
4) аксакалдар сотторунун ишине тийиштүү ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүү;
5) укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана аксакалдар соттору тарабынан жаза чарасын салуу тартиби.
Жыйналышта кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөөнүн жүрүшүндө аксакалдар сотунун төрагасы кайрылган учурда, аны жыйналышында тоскоолдуксуз кабыл алышат жана ага керектүү жардам берилет.
Кайрылуу Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинде жана ушул регламентте белгиленген тартипте болгон учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууда ага тийиштүү көмөк көрсөтүлөт.
49. Аксакалдар сотторунун жыйналышында укук тартиби, кабарламалар жана укук бузуучуларды, жоопкерлерди, күбөлөрдү, зарыл учурларда арыз ээлерин аксакалдар сотторунун жыйналышына мажбурлап алып келүүнү милициянын бекитилген участкалык инспектору камсыз кылат.
50. Муниципалдык аймактык башкармалык:
а) Бишкек шаардык кеңеш тарабынан учёттук каттоо жүргүзүлгөндөн кийин аксакалдар сотунун аталышы менен мөөр берет;
б) аксакалдар сотун шайлоо жана анын иши жөнүндө отчёт берүүсү боюнча жашоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүдө аксакалдар сотторуна көмөк көрсөтөт;
в) аксакалдар сотторунун ишине тийиштүү Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдору менен аксакалдар сотторунун төрагаларын тааныштырат;
г) иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү боюнча аксакалдар сотторуна көмөк көрсөтөт;
д) зарыл болгон учурда жыйналыш өткөрүү үчүн белгилүү бир убакытка МАБ жайларды берет жана аксакалдар сотун жай менен камсыздоого көмөк көрсөтөт;
е) аксакалдар сотуна катышуусу зарыл болгон жактарды жыйналышка чакырууда көмөк көрсөтөт;
ж) аксакалдар сотторунун ишинин мөөнөтү аяктагандан кийин каралган материалдар боюнча аксакалдар сотторунун материалдарын кабыл алат жана сактайт.
51. Аксакалдар сотторунун төрагалары милдеттүү түрдө администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында, МАБда өткөрүлө турган кеңешмелер жөнүндө кабарланат жана аларга катышышат.
52. Аксакалдар сотунун төрагасы (же катчысы) кайрылган учурда Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча өз кызматкеринин аксакалдар сотунун жыйналышына катышуусун камсыздайт.
53. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык камсыздоо жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүн сыйлоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
а) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын (каражаттар бар болсо);
б) аксакалдар соттору тарабынан салынган айыппулдардан түшүүчү каражаттардын;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган, ар кандай юридикалык жана жеке жактардан демөөрчүлүк жардамдан түшүүчү каражаттардын эсебинен.
54. Каралган иштердин жыйынтыктары боюнча аксакалдар соттору тарабынан салынуучу айыппулдардын суммасы жергиликтүү бюджетке которулат, анын ичинен 70 пайыз акча каражаты келерки жылдын бюджетинде каралат жана аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык камсыз болушун жакшыртуу жана аксакалдар сотунун төрагасын жана мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо үчүн колдонулат.
55. Аксакалдар соттору тарабынан салынган айыппулдардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы тийиштүү аксакалдар сотунун төрагасы менен алдын ала макулдашылган МАБдын чыгымдар сметасына ылайык бөлүнөт.
Бишкек шаардык кеӊештин
аппарат жетекчиси
КОЛ КОЮЛДУ:
Бишкек шаардык кеңештин
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
коомдук уюмдар менен иштөө боюнча
туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Б. Бактыбеков
Аппарат жетекчи М. Дж. Алымбеков
Укуктук камсыздоо жана экспертиза
бөлүмүнүн башчысы М. Т. Чекирова
Документ менен камсыздоо жана
контролдоо бөлүмүнүн башчысы Б. А. Абдукова
Туруктуу комиссиялар менен иштөө
боюнча бөлүмдүн башчысы Т. С. Токоева
Мамлекеттик тил боюнча
башкы адис С. Ж. Алымова
Башкы адис-корректор Е. Ю. Крашенинникова
АТКАРУУЧУ:
Туруктуу комиссиялар менен иштөө
боюнча бөлүмдүн жетектөөчү адиси Г. К. Абылова