Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 42/XV – 3
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2017-жылдын атайын эсебинин бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шарынын мэриясынын 2017-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2017 – жылынын киреше бөлүгүнө ашык пландуу финансылык каражаттардын келип түшүүсүн эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2017 – жылынын атайын эсебинин - 34,2 миң сом суммасында бош калдыктарын төмөндөгү иш-чараларды каржылоого уруксат берилсин:
а) «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмү - 1,3 миң сом 2215 - беренесине (башка кызматтарды сатып алуу) канцелярдык товарлар жана чарба товарлары.
б) «ТКЧ» бөлүмү - 6,9 миң сом 2231 - беренесине электр энергиясы үчүн акы.
в) «Бала бакча» бөлүмү - 26,0 миң сом 2215 - беренесине (башка кызматтарды сатып алуу) чарбалык товарлар.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |