Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 59/23
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жыл Кыргыз Республикасында улуттук экономиканы чындоо жылы деп жарыялоо” боюнча Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “2015-жыл Ош облусундагы экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” буйругун аткарууда Жазы айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарылган иштери жана 2016-жылга милдеттери жөнүндө
Жазы айылдык кенешинин кезектеги XXIII сессиясы “Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жыл Кыргыз Республикасында улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо” боюнча Жарлыгын жана Кыргыз Респубкасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “2015-жыл Ош облусундагы экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” буйругун аткарууда Жазы айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарылган иштери жана 2016-жылга милдеттери жөнүндө” Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Дыйканбаеванын отчетун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жыл Кыргыз Республикасында улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо” боюнча Жарлыгын жана Кыргыз Респубкасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “2015-жыл Ош облусундагы экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” буйругун аткарууда Жазы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Милдеттендирилсин айыл өкмөт башчысы Д.А.Дыйканбаевага:
- Айылдын социалдык-экономикасын көтөрүү, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, инфраструктураларын жакшыртуу үчүн инвесторлорду тартуу;
- 2016-жылга салык топтоо болжол планын салыктын түрлөрү боюнча сапаттуу аткарууну камсыз кылуу;
- айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын директорлору менен бирдикте айыл өкмөттүн аймагындагы 5,5тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим менен толук кандуу жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жаштардын сапаттуу билим алууга шарттарды түзүү;
- турмуштун оор кырдаалына калган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү;
- айыл өкмөттүн 2016-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу жана 2016-жылдын 25-февралына чейин бекитүү.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |