Редакцияот 12.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 12-январы № 43/XV –1

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылга бюджет долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылга план боюнча бюджетинде - 51495,4 миң сом каралган, анын ичинен - 3290,0 миң сом атайын эсеп, Кыргыз Республикасынын каржылоо Министрлиги Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүн кемитүү маселесин кароодо, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылдын бюджети киреше жана чыгаша жактары менен - 51495,4 миң сому менен бекитилсин. Анын ичинен атайын эсеп - 3290,0 миң сом.

2.Кайыңды шаарынын 2019-2020-жылдар карата бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын: 

1)Божомол боюнча кирешелер жана чыгашалар 2019 – жылга - 55339,4 миң сом суммасында, 2020 – жылга - 59598,4 миң сом суммасында;

2) Шаардын бюджетинин 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде такталып кабыл алууда. Кайыңды шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2018 - жылга болжол боюнча булактар эсебинен түшүүлөрдүн негизинде 2019-2020-жылдарга тиркемеге ылайык аныкталып түзүлөт. 

3. 2018 - жылга кеткен чыгымдарды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

Мында биринчи кезекте чыгашалар корголгон беренелер боюнча каржылансын (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, тамак-аш, калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар жана коммуналдык кызматтар).

1) Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы вакансиялардын жана ченемдик - укуктук актыларынын кабыл алынышына байланыштуу чыгашалардын корголгон беренелеринин азайтылышы мүмкүн. 

2) 2017 – жылда төлөнбөй калган каражаттар 2018 – жылга каралган бюджетинин негизинде төлөнүп берилсин. 

3) Келишимдин негизинде аксакалдар сотуна акы төлөө белгиленсин.

4) Кыргыз Республикасында колдонулган мыйзамга ылайык жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен аппараттардын жана мекемелердин кызматкерлерине сый акы жана үстөк акы берүү укугу Кайыңды шаарынын мэрине сакталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Абдрасулов