Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 44/XV – 5
Кайыңды шаарынын аймагындагы соода түйүндөрүнөн, коомдук тамактануу түйүндөрүнөн, дарыканалардан , ветеринардык дарыканалардан жана калкка тиричилик кызмат көрсөткөн жеке адамдардан турмуш тиричиликтин калдыктарын (ТТК) ташып чыгаруу үчүн акы төлөө жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын аймагында турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу үчүн соода түйүндөрүнөн, коомдук тамактануу түйүндөрүнөн, дарыканалардан, ветеринардык дарыканалардан жана калкка тиричилик кызмат көрсөткөн жеке адамдардан турмуш тиричиликтин калдыктарын (ТТК) ташып чыгаруу үчүн 25 м. кв. чейин - 50 сом, 25 м.кв. - 50 м.кв. чейин – 100 сом, 50 м.кв. - 100 м.кв. чейин – 200 сом, 100 м. кв. жогору – 302 сом тарифи бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |