Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 46/XV – 7
«Кайынды шаарынын мектептеринин жана бала бакчаларынын аймагында ар түрдүү иш чараларын (билим берүү жана тарбиялык мүнѳздѳгү эмес) ѳткѳрүүгѳ тыюу салу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жѳнүндѳ» 30.04.2003 - жылдын № 92 мыйзамына, КР «Мугалимдин статусу жѳнүндѳ» мыйзамынын 14-беренесине жана жалпы билим берүүчү уюмдары менен мекемелердин уставтарына ылайык, ошондой эле муниципалдык менчик объектерин сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайынды шаарынын мектептеринин жана бала бакчаларынын аймагында ар түрдүү (диний, саясий, улуттук жана ушул сыяктуу мүнѳздѳгү), билим берүү программаларынан, ошондой эле окуучуларды тарбиялоо жана окутуу процесстеринен башка иш чараларын ѳткѳрүүгѳ тыюу салынсын.
2. Жалпы билим берүүчү мекемелердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердин башчылары билим берүү программаларынан, ошондой эле окуучуларды тарбиялоо жана окутуу процесстеринен башка мүнѳздѳгү иш чараларды Кайынды шаарынын мэриясы менен макулдашып жүргүзүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |