Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 60/23
Жазы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдарга болжолдуу проектиси жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2017-2018-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Жазы айыл өкмүтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү- 16347,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 16228,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашаларды 20799,7 миң сом өлчөмөндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктарды чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
5. КРнын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 208,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар ( электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланбаган КРнын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% КРнын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2016-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмдө белгиленсин.
12. Жазы айыл өкмөтүнүн 2015-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган 1153,2 миң сом акча каражаты 2016-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоого сунуш кылынсын.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |