Загрузка документа…
ПРЕДТЕЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык Кеңештин ХХVIl чакыруунун 3-сессиясы
2017-жылдын 10-июлу № 20
Предтеченка а/ө таштандыларды таштоого жана тарпканага курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Таштандыларды таштоого жана тарпкананы курууга жер участогун жазып тотуруу жөнүндө а/ө башчысы С.Б. Алыгуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Предтеченка а/кеңеш:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Предтеченка айылында жайгашкан МТФнын түндүк жагындагы тараптан таштандыларды таштоого 10,000 м2 жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Предтеченка айылында жайгашкан СТФ нын түндүк жагындагы тараптан, тарпкана курууга 50 м2 жер участогу бөлүнүп берилсин.
3. Жерге жайгаштыруу адиси ушул токтомдун аткарылшына керектүү иш чараларды өткөрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн Предтеченка а/ө башчысы С.Б. Алыгуловго жүктөлсүн.
Төрага | Абдыкадыров М. |