Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 61/12-7
“Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 14.12.2017-жылдагы №01-19/1242 сандуу кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 14.12.2017-жылдагы №01-19/1242 сандуукайрылуусундагы Кара-Көл шаарынын №30 жол тейлөө ишканасы тарабынан Кара-Көл шаарынын асфальт-бетон төшөлгөн көчөлөрүн ( Аты жок -1км- 5998,0 миң сом, Бекташ - 0,438 км-2432,0 миң сом, Ак-Кыя-1-км-6394 104 сом) муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарынын №30 жол тейлөө ишканасы тарабынан Кара-Көл шаарынын асфальт-бетон төшөлгөн көчөлөрүн ( Аты жок - 1км- 5998,0 миң сом, Бекташ - 0,438 км-2432,0 миң сом, Ак-Кыя-1-км-6394 104 сом) муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов) көзөмөлдөө шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Н.Кыргызалиев |