КЫЗ-КОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Биринчи кезексиз сессиясы
2017-жылдын 29-марты № 1
“Кыз-Көл айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114-токтомуна ылайык, Кыз-Көл айылдык кеңешинин биринчи сессиясы
Т ОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Рахманкулов |