Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты № 2
“Жаңы-Арык айылындагы 0.10 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургуну Болотов Кудайкулдун кайрылууусун карап чыгып,Кыз-Көл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы 0.10 га жер аянты (эски сарайдын орду) муниципалдык менчикке түздөн түз сатуу жолу менен менчикке өткөрүлүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап берүү жана керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы жер адис А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковко жүктөлсүн.
Төрага | М.Супатаев |